Кыргызстанда жер титирөө катталды

Өлкөбүздүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 3:32де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Момбеков айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

13 Декабрь 2023 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча