Кыргызстанда жер титиреди

Бүгүн, 19-мартта саат 21:05 чамаларында Бишкекте жер титиреди. Android колдонуучуларга алдын ала билдирүү келген.

Ал эми соцтармак колдонуучулар жер бир силкинип туруп, токтогонун жазышууда.

Android маалымдамасында жер титирөөнүн эпиборбору Бишкектен ондогон чакырым алыстыкта болуп, магнитудасы 4,5 баллга жеткени айтылат.


Ал арада Сейсмология институту жер титирөө боюнча так маалымат берди. Ага ылайык, 19-март күнү саат 21:05те Кыргыз Республикасынын аймагында очогундагы күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кашка-Суу, Таш-Дөбө айылдарында 3 баллга, Бишкек шаарында, Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу айылында, Аламүдүн районунун Арчалы, Арашан, Кой-Таш, Байтик, Таш-Булак, Алмалуу айылдарында 2,5 баллга (Кашка-Суу айылынан 8 чакырым түштүк батышта, Бишкек шаарынан 33 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

19 Март 2024 жыл 23:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча