Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарды дрон менен көзөмөлдөй башташты. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, программаны Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда байкап көрүшүүдө.

Дрондор Ысык-Көл, Нарын тарапка кеткен айланма жолдо учуп, каршы тилкеге чыккандарды, катуу айдагандарды тартып алууда.

Эреже бузгандарга протоколду дрон учкан жерден бир-эки чакырым аралыкта турган Кайгуул милициясынын кызматкерлери жазып берет.

11 Июль 2024 жыл 11:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча