Кыргызстандан 107,3 миллион долларлык алтын экспорттолду

Быйылкы жылдын январь-февраль айларында Кыргызстандан жалпы баасы дээрлик 107,3 миллион доллар болгон 1643,5 килограмм алтын экспорттолгонун Улуттук статистика комитети билдирди.

Сатып алган өлкөлөр:

Швейцария — дээрлик 971,5 килограмм;

Гонконг (Кытай Эл Республикасынын атайын административдик району) — 672 килограмм.

Белгилей кетсек, январь айында 1143,5 килограмм сатылган. Маалыматтардан февралда болжол менен 500 килограмм сатылганын көрүүгө болот, бул көлөмдүн баары Гонконгго кеткен.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын алгачкы эки айында алтын экспорттолбой, былтыркы жыл ичинде 20,2 тоннадан ашык баалуу металл чет өлкөгө сатылган.

16 Апрель 2024 жыл 9:59
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча