Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча балбандары дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөшү боюнча балбандары дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Албанияда 28-31-октябрь күндөрү өтөт. Анда олимпиадалык эмес салмактарда таймаштар өтөт.

Грек-рим күрөшү курамасы: 55 кг Улан Муратбек уулу; 63 кг Дастан Кадыров; 72 кг Ийгилик Сатымкул уулу; 82 кг Азат Салидинов; Улукбек Карачолоков, Арсен Эралиев улук машыктыруучулар; Азат Эркинбаев башкы машыктыруучу.

Эркин күрөш боюнча курама: 61 кг Тайырбек Жумашбек уулу; 70 кг Алибек Осмонов; Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков улук машыктыруучулар; Руслан Маджинов башкы машыктыруучу.

25 Октябрь 2024 жыл 20:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча