Кыргызстандын түштүгүндө жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 10:45те Кыргызстан менен Тажикистандын чектешкен аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Силкинүү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит жана Шибээ айылдарында 2,5 баллга (Кара-Тейит айылынан 19 чакырым түштүк батышта, Карамык айылынан 20 чакырым түштүктө) чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

7 Февраль 2025 жыл 11:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча