Кыздарга камкордук сүрөттөгүдөй болсо! Кыздарды коргогон көл чатырчан жигиттер

Кечээ, 23-октябрда Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. Аны «Манас» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасында кыздардын бири гүл, экинчиси нан, борсок кармап турушту. Бул учурда жамгыр жаап тургандыктан мырзалар кыздарды кол чатыр менен коргоп турушту.

Бул сүрөт социалдык тармактарда жайылып, жагымдуу пикирлер айтылууда.

Кошумчалай кетсек, Монголиянын премьер-министри иш сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларга, ошондой эле 26-октябрда Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

24 Октябрь 2023 жыл 13:50
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча