Өлкөнүн түштүк аймактарында көмүр сатуу үчүн кошумча 8 отун базасын ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы билдирет.
Ишкананын маалыматы боюнча, топ базаларды Ош облусунда жана Баткенде ачуу каралууда.
Ош облусу боюнча 5 база — Кара-Кулжа, Араван, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда.
Баткен облусунун аймагында — 3 база, атап айтканда, Раззаков жана Кызыл-Кыя шаарларында жана Баткен облусунда.