Маданият министрлигине жаңы жетекчи келди

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Мамбеталиев Мирбек Кемелович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды.

26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна Мирбек Мамбеталиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралып, колдоо тапкан.

28 Февраль 2025 жыл 9:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча