«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери, ЖК депутаты Адахан Мадумаров абактан Равшан Жеенбековго кат жазды.
«Алейкум ассалам, Равшан!
Чон рахмат. Ооба, туура айтасың, баары ордуна келет. Бул күндөр да өтөт. Абдан чектен чыгышты. Мыйзам деген түшүнүк калган жок. Мен дайым силер менен, Кемпир-
Абадчыларды колдоп канча айттым. Чындык баары бир
жеңет. Чыдаш керек! Биздин максат ишке ашат. Өкүнүчтүүсү өмүр, убакыт өтүп жатат.
Бекем болгула, баарына менден салам. Баткан күндүн чыгаары бар»,-деп жазды Мадумаров.
Эске салсак, буга чейин Кемпир-Абад маселеси боюнча камакка алынган Равшан Жеенбеков, камактагы Мадумаровго кат жолдогон болчу.