Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров кесиптештеринин биринин артынан бири мандатын тапшырып жаткандыгы боюнча өзүнүн пикирин билдирди.
Анын айтымында азыркы депутаттар бир «камоктун» ээсиндей эле болуп, Жогорку Кеңеш мамлекетти башкарууда өз ордун жоготту.
«Азыр эми Жогорку Кеңештин депутаты деген бул бир базардагы «камоктун» ээсиндегидей эле болуп калды. Ошол базарком келип, комокту бошот десе бошутуп коё берет. «Эмне үчүн»,-деген суроо берилбейт»,-деди саясатчы.