Мадумаровдун кармалышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча комиссия түзүүнү депутаттар колдогон жок

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү депутаттар колдогон жок.

Депутаттык комиссияны түзүү үчүн 46 добуш керек. Ал эми комиссияны түзүү жана курамын бекитүү боюнча добуш берүүдө катталган депутаттардын 40ы “макул”, 11и “каршы” добуш берди. Катталган депутаттардын саны 73 тү түздү.

Жыйынтыгында сунуш колдоо тапкан жок.

20 Сентябрь 2023 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча