Магниттик бороон учурунда эмне кылуу керек?

Бүгүн, 12-февралда магниттик бороон күтүлөт. Orda.kz жерге күчтүү магниттик бороон жакындап келе жатканын жазды.  Магниттик бороон 12-февралда эң жогорку интенсивине жетет. Бул көрүнүш бүткүл планетада кыска толкундуу радиобайланыштын үзгүлтүккө учурашына, навигацияга тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Магниттик бороонго көз каранды адамдардын башы айланып, кускусу келип, муундары ооруп, чарчоо, уйкусуздук болушу мүмкүн. 

Магниттик бороон учурунда төмөнкүлөр сунушталат:

  • физикалык активдүүлүктү жогорулатуу;
  • куурулган, майлуу, ачуу тамактарды, фаст-фуд жана таттууларды колдонууну чектөө;
  • көбүрөөк жашылчаларды, мөмө-жемиштерди, чөптөрдү, балыктарды жегиле;
  • күнүнө жок дегенде 1,5 литр суу ичүү;
  • уйку жана эс алуу саатын күнүнө 7 саатка чейин көбөйтүү жана күнүгө бир убакта уктоо.
12 Февраль 2024 жыл 12:42

Тема боюнча