Кыргызстанда мамлекет бала бакча ачууга жеңилдетилген кредит бере баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
«Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү» программасынын алкагында юридикалык жана жеке жактарга жеңилдетилген кредит бериле баштады.
«Жеңилдетилген насыя “Элдик”, “Айыл”, “Керемет” банктары аркылуу 10 млн сомдон 70 млн сомго чейин. Ал бала бакча курууга же реконструкциялоого берилет. Кредиттин жылдык үстөгү — 10%, мөөнөтү — 3-5 жыл», — деп жазылат маалыматта.
Кеңири маалымат алуу үчүн (312) 66-36-92, (996) 554-347-844 телефондоруна же “Элдик Банк”, “Айыл Банк”, “Керемет Банк” ААКыларына кайрылсаңыздар болот.