Мамкурулуш 1-сентябрда 42 мектеп жана 4 спортзалдын ачылышын жасайт

1-сентябрда 42 мектеп жана 4 спортзалдын ачылышын жасайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров тапшырмасы жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын көзөмөлү менен бүгүнкү күнгө карата Мамкурулуш тарабынан 46 мектепте жана мектептердин спорттук залдарында курулуш иштери аяктап, ачылыш алдында турат»,- деп жазылат маалыматта.

Жаңы курулган мектептер сапаттуу, ыңгайлуу жана заманбап ашкана, спортзал, концерттик зал, мектеп эмеректери менен толук камтылган

28 Август 2023 жыл 12:33

Тема боюнча