«Манас» аэропортуна жакын жерде торпок менен аламан улак тартышты
Бишкектин жанында, «Манас» аэропортуна жакын жерде торпок менен аламан улак тартышып, ага жарым миңге чукул киши катышты. Оюнчулар 80 килограммдык торпокту улак ордуна колдонушканын «Спутник» басылмасы жазды.