«Манас Ордо» комплексинин директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды

 «Манас Ордо» комплексинин директорлук кызматына документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жумушка орношууну каалагандарга төмөнкү талаптар коюлган:

гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство жаатында жогорку кесиптик билими;

музейлердеги иш тажрыйбасы беш жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы үч жылдан кем эмес болушу шарт;

илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.

Талапкерлер документтерин Маданият министрлигинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 23-апрелине чейин тапшырышы керек.

Байланыш телефону: +996 312 662683.

16 Апрель 2024 жыл 9:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча