Матраимовдун бир туугандары Руслан жана Исламбек камакта калтырылды

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун бир туугандары — Руслан жана Исламбек камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунан билдиришти.

Ош шаардык сотуна УКМКнын тергөөчүсү тарабынан алардын баш коргоо чарасын СИЗОго камап узартуу боюнча арыз түшкөн.

«Сот тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырды. Ошентип Руслан менен Исламбек Матраимовдор 18-июлга чейин камакта болот. Тилек Матраимовдун баш коргоо чарасы 11-июнда Кара-Суу райондук сотунда каралат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, март айында атайын кызмат Райым Матраимов менен бирге Азербайжандан анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду да Кыргызстанга алып келген.

5 Июнь 2024 жыл 9:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча