«Мен Олимпиада чемпиону болууга даярмын». Махмудовдун атаандашы билдирүү жасады

Акжол Махмудовдун Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарындагы негизги атаандашы япониялык Нао Кусака соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Ал «Мен Олимпиада чемпиону болууга даярмын», — деп жазган.

Ушул жылы апрелде Нао Кусака Бишкек шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатын жеңген. Ал финалда Акжол Махмудовду утуп алган. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рейтингде Нао Кусака 1-орунда, ал эми Акжол Махмудов 3-орунда турат.

Олимпиада оюндарында эки спортчу жарым финалда кез келиши мүмкүн.

9 Июль 2024 жыл 14:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча