Ош ШИИБдин кызматкерлери үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдар жана алардын балдарынын абалдары менен таанышышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «Ак-Жүрөк” кризистик борборуна барышты. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылышып, аталган борборду башпаанек кылып турушкан аялдар жана алардын балдарынын абалдары менен таанышышты. Бул борбордогу абал тууралуу милиция кызматкерлерине борбордун жетекчиси тааныштырып өттү.
Учурда бул жерде республикабыздын түштүк аймактарынан келген 6 аял жана аларга таандык 5 жаш бала бар. Милиция кызматкерлери алардын жашоо-шарттары менен таанышып, жарандык укуктары боюнча айтып беришти. Татаал тагдырга дуушар болуп, бул кризистик борбордо күн кечирип жатышкан аял-балдарга милиция кызматкерлери адабий окуу китептерин, шириндиктерди тапшырышты.
