
Бүгүн, 13-фервалда Билим берүү жана илим министри Догдуркул Кендирбаева Бишкектеги №72-мектептин эмгек жамааты иштен кеткенин айтты. Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
«Балдарыбыздын зыян болушу өтө өкүнүчтүү нерсе. Бишкектеги №72-мектептин жамааты бүт кызматтан кетти. Кара-Суудагы №39-мектептен 7 киши кызматтан алынды. Канттагы окуя боюнча болсо катуу чаралар көрүлүү алдында турат. Ошондой эле баарында укуктук тергөө иштери жүрүп жатат», — деди Кендирбаева.
Билим берүү министри жашы жете элек балдар менен иштешчү инспекторлордун жана психологдордун штатын көбөйтүү зарыл болуп турганын кошумчалады.
Жыйында Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов маалымат катары Бишкек шаарындагы мектептерде 218 камералар орнотулганын, анын баары борбордук кырдаал борборуна кошулганын кошумчалап өттү. Андан сырткары Бишкек шаарында 694 испектор жаш жете электер менен иштеп жатканын, ага кошумча дагы 199 керектелээрин белгиледи.