Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.

Анда окуу процессин калыбына келтирүү маселеси талкууланды.

«Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөрү кошумча жарыяланат», — деди Эдил Байсалов.

Ал ошондой министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында жаштар менен тарбиялык-педагогикалык иштерди уюштуруу, өлкөгө мыйзамсыз эмгек мигранттарынын массалык түрдө келиши жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери караларын кошумчалаган.

20 Май 2024 жыл 14:30
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча