Министрлик Израиль, Иран, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестинага барбай турууну сунуштады

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы курч кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Израиль, Иран, Сирия, Ирак, Ливан жана Палестинага барбай турууну сунуштады.

Мекеме аталган өлкөлөрдө жүргөн жарандарга кырдаал турукташканга чейин этият болууну сунуштап, зарылдык болсо аймакта жайгашкан элчиликтердин телефондоруна кайрылууну өтүнгөн.

Элчиликтердин телефондору:

Түркиядагы элчилик: +905456896800;

Сауд Арабиядагы элчилик: +966583769945;

Ирандагы элчилик: +989352505226;

Кувейттеги элчилик: +96525359951.

19 Апрель 2024 жыл 11:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча