Министрлик жөлөк пулду жогорулатуу тууралуу социалдык тармактарда тараган маалымат жалган экенин кабарлайт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктардан жөлөк пулду жогорулатуу тууралуу социалдык тармактарда тараган фейктерге ишенбөөнү өтүнөт.

«Сураныч, жогорулатылган жөлөкпул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип, шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.

Министрликтин бардык расмий маалыматтары ведомствонун сайтында, социалдык тармактардагы жана ЖМКлардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. Бул учурда расмий маалымат тиешелүү жарлыктарга шилтемелер менен коштолот», — деп айтылат маалыматта.

5 Сентябрь 2024 жыл 9:07

Тема боюнча