Париж олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун болочоктогу жубайы экөөнүн сүрөтү тарады. Маалыматта Мунарбек сүйүктүүсүнүн колун сурап, шакек салганы айтылат.
Эскерте кетсек, буга чейин, мушкердин ата-энеси журналисттерге маек берип, анда Мунарбек Сейитбек уулу Париж олимпиадасына бара жатканда кызга сөйкө салып койгону айтылып, эки жаш 24-августта үйлөнөөрү белгилүү болгон.