Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айтып жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген комментарийинде билдирди.
“Менин Матраимовго кандай байланышым бар? Алар менен жакшы мамиледе болбосом, бирге бизнесим жок болсо деле жармаштыра беришеби? Коомдук ишмер катары маек берип, пандемия учурундагы ишмердиги боюнча айтып бергем. Аны мен танбайм. Бул деген ошол адамдар менен бир командада жүрөт дегенге жатпайт. Менин мандатым боюнча маселе жок. Себеби мыйзам, укук коргоо органдары бар. Жөн эле эл шайлаган депутат мандатын тапшыра береби? Кызык…”- деп жооп берген Надира Нарматова.