Курулуш иштери 2016-жылы башталган мектеп бүтүп, 16-октябрда окуучулар үчүн эшигин ачат. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы 225 орундуу мектепте курулуш иштери аяктады.

Объектти куруу 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бүгүнкү күндө билим уясынын курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү.
Ал эми мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары дээрлик аяктап калды.

Ушул жылдын 16-октябрында мектеп окуучуларга пайдаланууга тапшырылат.