«Назарньюс» сайтынын жетекчиси Гүлжан Каримовага кыйноо көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Акыйкатчы институту Reporter’го билдирди.
Укук коргоо уюмунун кызматкерлери тергөө абагына барып, журналист менен жолугушуп чыгышты.
«Ден соолугу жакшы, дары-дармек маселеси жок. Болгону журналист тергөөчүнүн дооматтарына макул эмес. Анын жактоочусу бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылат», — дейт институт.
Эскерте кетсек, Гүлжан Каримова 16-ноябрда УКМКга сураккка чакырылып, ошол эле күнү 48 саатка камакка алынган. Анын кармалышына 2023-жылдын январь айында Facebook баракчасына жазган посту себеп болгон. Ал Кылмыш-Жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде диний кастыкты козутууга шектелүүдө
18-ноябрда Биринчи май райондук соту Гүлжан Каримованы 1-декабрга чейин камакка алды.