Ноокатта классташ кыздар мушташып, кылмыш иши козголду

Ноокатта классташ кыздар мушташып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 19-декабрь күнү Көк-Жар айыл аймагынын тургуну 2010-жылы туулган кыз денесинен жараат алып ооруканага кайрылган. Милиция бул ишти иликтегенде, жабырлануучу классташы, 2008-жылы туулган кыз менен өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишкени аныкталган.

Жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жеңил жараат алгандыгы аныкталган. Аталган факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

10 Январь 2025 жыл 9:25
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча