
Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда аты-жөнү, туулган жылы такталууда.
Селдин кесепетинен жалпысынан каза болгондордун саны 9га жетти. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн издөө иштерине кошумча ӨКМдин ТКККнын 11 куткаруучу тартылган. Жалпы ӨКМден 53 куткаруучу тартылды. Мындан сырткары КР ИИМнен 120 кызматкер, КР Коргоо министрлигинен 50 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 150 адам. Жеринде жалпы 373 адам тартылды.
Кошумча маалымат берилет.