Ноокаттагы селде 5 мугалим жабыркаган

Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүндө 28-июнда болгон селде 5 мугалим жабыркаган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри билдирди.

Аларга Жалал-Абад санаториясына 10 күнгө жолдомо берилди.

Андан сырткары, Ош облустук билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлиги  50 миң сом, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесип бирлиги 25 миң сом, Ноокаттагы кесиптештери 170 миң сом чогултулуп беришти.

Эскерте кетсек, Ноокаттагы селде 10 киши набыт болду.

10 Июль 2024 жыл 9:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча