Нурланбек Шакиев Кытайда расмий сапар менен менен жүрөт

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытайда расмий сапар менен менен жүрөт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Шакиев Өзбекстанга болгон иш сапарынан кийин Кытайга жөнөп кеткен. Сапардын алкагында Нурланбек Шакиев Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин (парламент) төрагасы Чжао Лэцзи, Кытай Элдик саясий консультациялык кеңешинин Улуттук комитетинин төрагасы Ван Хунин баштаган жетекчилер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Мурадил Сыдыков, Жылдыз Садырбаева, Айсулуу Мамашова, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков жана Алишер Козуев бар.

13 Сентябрь 2024 жыл 9:53

Тема боюнча