Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мектепте 4-классты бүткөнгө чейин бир гана кыргыз тилинде окутууну сунуштады.

«Коңшу Казакстанда 1-4-класска чейин бир гана казак тилинде сабак өтөт. Башка тил жок. Биз ушундай кадамга барышыбыз керек. Баланын тили бала бакчада, башталгыч класста калыптанат», — деди Шакиев.

Мындан сырткары, ал «Мамлекеттик тил жөнүндө» кабыл алынган мыйзамдан кийин тилге болгон мамиле түп-тамырынан өзгөрүшү керектигин белгиледи. Андыктан билим берүү министрин мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн этап-этабы менен деп отурбай кескин, ыкчам чараларды кабыл алууга чакырды.

21 Февраль 2024 жыл 13:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча