Нурсултан Кеңешбеков жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду

Нурсултан Кеңешбеков имарат ичиндеги жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду. Бул тууралуу өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясы билдирди.

Мелдештин акыркы күнү Кеңешбеков үч чакырым аралыкты 8 мүнөт 8 секундада чуркап өтүп алтын тагынды. Ага чейин 1,5 чакырымдык дистанцияда мыкты болгон.

Буга чейин күмүш медаль алган дагы бир спортчу Айнуска Калил кызы 3 чакырымдык жарышта коло байгени багындырган (9.27).

Иранда өткөн Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан беш спортчу барган.

20 Февраль 2024 жыл 10:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча