Ок атуу спортчусу Имандос Бектенов дүйнө кубогунда алтын медаль утту

Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан.

Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испаниянын Гранаде шаарында өтүүдө. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда.

Мелдеш 10-18-февраль күндөрү өтөт.

16 Февраль 2024 жыл 8:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча