
Окуучу балдар баңгазит таап, милицияга кабарлашкан. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-февраль күнү 9, 10 жана 12 жаштагы үч дос сейил бактан жерди казып жаткандарды көрүп калышкан. Алар жер казгандардын кетишин күтүп, ал жерден скотч менен оролгон эки кичинекей пакетти табышкан.
Табылган нерсенин үстүн баш кийими менен жаап, милиция чакырышкан. Текшерүүдө пакеттердин ичинде баңгизат бар экени белгилүү болгон.
Муну билген Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Эрназар Дүйшекеев балдарга сыйлык тапшырды.
Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы балдарга ыраазычылык баракчалары тапшырылганын белгиледи.