Окуучуну бетке чапкан окуя териштирилди

Социалдык тармактарда кайсы бир мектепте бой жеткен бала башка балдарды бетке чаап жатканы тууралуу видео тараган. Борбордун Ленин РИИБи бул тууралуу тергөөгө чейинки териштирүүлөрдү жүргүзгөн.

Укук коргоо кызматкерлери видеого түшкөн мектептин жетекчилерин, окуучуларын жана ата-энелерди чакырышкан.

Милиция мындай деп билдирет: «А.Б. аттуу 9-класстын окуучусу 8-класстын окуучуларынын тамеки чегип жатканын көрүп калган. Алар менен алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн, ал балдарды бетке чапкан. Бул фактыны ал өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда тастыктады. Мындан тышкары 8-класстын окуучулары И.А. жана А. дагы мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суралган. Алар дагы бул фактыны бекемдеп, акча талап кылуу болбогонун айтышкан».

8-класстын окуучуларынын ата-энелери 9-класстын окуучусу А.Бга карата арыз жазуудан баш тартышкан. Чыр-чатактын бардык катышуучулары менен алдын алуучу аңгемелешүүлөр жүргүзүлгөнүн да аталган РИИБи кошумчалайт.

Мындан тышкары, чогулган бардык материалдар балдар иштери боюнча комиссияга жиберилет, анын жыйынтыгы боюнча А.Бга карата жоопкерчилик чарасы көрүлөөрү да айтылды.

7 Январь 2025 жыл 13:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча