Опузалоо фактысы боюнча Жалал-Абад шаарында дагы бир блогер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 13-февралында, УКМК тарабынан “Instagram” платформасында 200 000 катталуучусу бар популярдуу блогер Р.к.Ч аттуу жаран кармалды.
Аталган Р.к.Ч. аттуу блогер, Сузак районунун тургуну И.Т.Д.ны өгөй кызы менен интимдик мамиледе болгон делген жасалма сүрөт жана видеолорду таркатам деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, Р.к.Ч. күч колдонуу жана коркутуу жолу менен жабырлануучунун өгөй кызын жылаңач сүрөткө жана видеого тартууга мажбурлаган.
Андан соң даярдалган фото жана видео материалдарды колдонуп, өгөй кызы менен интимдик мамиледе деп шантаж кылып И.Т.Д.дан 184 миң сом акча талап кылган.
Учурда кармалган жарандын кылмыш ишинин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө иштери жүрүп жатат.
Мындан улам, Р.к.Ч.нын иш-аракетинен жабыр тарткан адамдарды УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына же, 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууңуздарды сунуш кылат. Тергөө иштери жүрүп жатат.