Орхан Инандынын уурдалышы: «кылмыш-иши шектүүлөрдү аныктай албаганы үчүн» токтотулган

Орхан Инандынын уурдалышынан кийин Аскер прокуратурасы тарабынан чек арачыларга козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясы Башкы прокуратурадан билдиришкенин жазды.

Белгиленгендей, кылмыш иши 2021-жылдын 31-майында козголуп, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Инанды Кыргызстандан Түркияга жеткирилип, ал жактан кармалганы белгилүү болгон.

Бул боюнча 2021-жылдын 12-августунда Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы тарабынан «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок иш «шектүүлөрдү аныктай албаганы үчүн» токтотулган.

Эске салсак, «Сапат» түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанда 2021-жылдын 1-июнуна караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды атайын кызмат тарабынан кармалганын жарыялаган.

2 Апрель 2024 жыл 9:01
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча