Орозобек Токтомамбетов Азия оюндарында коло байгеге ээ болду

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында коло байгеге ээ болду.

Спортчу 74 килограмм салмак даражасында беттешип, алгач ирандык балбандан 2:7 эсебинде жеңилген. Кийин атаандашы финалга өтүп, жубатуучу беттешке чыгып, Кытай балбанын жеңип коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Чечүүчү беттеште тажик балбанын 4:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.

7 Октябрь 2023 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча