Орусиядан 87 миңден ашык мигрантты чыгарышкан. Себеби?

2024-жылы сот аткаруучулар Орусиядан 87 миңден ашык мигрантты чыгарышкан. Бул тууралуу ТАСС Орусия Федерациясынын Федералдык сот аткаруучулар кызматынын директору Дмитрий Аристовго шилтеме берүү менен билдирди.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп экени белгиленген. Былтыр Орусиядан 44 миң чет элдик чыгарылган.

Басылманын маалыматына караганда, өлкөдөн чыгарылган чет элдиктердин көбү Азербайжан, Беларусь, Кыргызстан, Молдова, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жарандары.

17 Февраль 2025 жыл 9:40
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча