Орусиялык «Победа» авиакомпаниясынын учактары Кыргызстанга каттай баштайт

Орусиялык «Победа» авиакомпаниясынын учактары Кыргызстанга каттай баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын маалымат кызматы кабарлады.

Москва (Внуково аэропорту) – Ош багыты боюнча каттамдар 26-апрелде башталып, күн сайын каттайт.

Бул багытта билеттер сатылып жатканы кабарланды.

«Победа» — «Аэрофлот» тобунун бюджети төмөн — арзан авиакомпаниясы. Аталган авиакомпания Москванын Внуково жана Шереметьево аэропортторунда жайгашкан.

Ташуучунун паркы эконом класстагы кабиналары бар Boeing 737-800 учактарынан турат. Кыргызстан «Победанын» алтынчы эл аралык багыты болуп калат, учурда ал Түркия, БАЭ, Беларусь, Армения жана Өзбекстанга каттайт.

20 Март 2024 жыл 9:10
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча