Бүгүн, 12-майда түштөн кийин саат 17:05 чамасында, Бишкек-Ош унаа жолунда таш кулап, жолду бөгөп калган. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Ош унаа жолунун 416-чакырымына түшкөн таш алынып, бир тараптуу ачылды.
«Каттам бар экинчи тарабын дагы тазалоо аракети көрүлүүдө. Мекеменин кызматкерлери тыкыр иштеп жатат»,-деп айтылат маалыматта.