Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 259-261-чакырымдар аралыгында дарыянын деңгээли жогорулап (тоолордо кардын эришинен улам), жолго чыккан суу каттам үчүн кыйынчылык жаратты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, учурда жол убактылуу жабык. Жерине №960 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, дарыянын нугун жөнгө салуу аракеттери көрүлүүдө.
«Ошондой эле, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 55-59-чакырымдар аралыгындагы сел түшкөн жерлер тазаланып, каттам толук жанданды. Ал эми 134-135-чакырымдар аралыгында да суунун нугун буруу, калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тилкеде каттам бар. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.