Ош шаарында SunRise мейманканасы мамлекетке кайтарылды

Ош шаарында SunRise мейманканасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин маалыматы боюнча, аталган мейманкананын имараты мурда бала бакча болгон. Бирок 2004-2007-жылдары мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында ал жеке менчикке берилип кеткен.

Кийин имарат мейманкана болуп өзгөртүлгөн.

Аталган факы боюнча «коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ИИМ мейманкананын имараты мамлекетке кайтарылганын билдирди. Анын баасы 74,6 млн сомго жетет.

4 Февраль 2025 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча