Ошто арзан көмүр кайсы жерде сатылат? Даректери

Ош шаарынын мэриясы «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Көмүрдүн баасы 1 килограммы 5 сомду түздү. Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

— «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;

— «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);

— «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.

9 Ноябрь 2023 жыл 9:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча