Ошто курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Ош шаарындагы Беш-Капа көчөсү 142/1 дарегинде курулуп жаткан 10 кабаттуу турак жайды текшерүүдө мурда аныкталган мыйзам бузуулар жоюлбаганы белгилүү болду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ясин Курулуш» ЖЧКсына курулуш ченемдерин, техникалык коопсуздук жана көрктөндүрүү талаптарын сактабаганы үчүн кайрадан 200 миң сом айып пул салынды.

Буга чейин компанияга эскертүү берилип, айып пул салынган.

20 Октябрь 2026 жыл 17:12
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча