Ошто турак үйдөн чыккан өрт, жанаша жайгашкан 5  үйдү дагы күйгүздү

Ош шаарында турак үйдөн чыккан өрт жанаша жайгашкан 5  үйдү кошо  жалмады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, 7-июль күнү Ош шаарынын Закиров көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Натыйжада 700 ч/м турак үй толугу менен күйүп, жанаша жайгашкан биринчи турак үйдүн 250 ч/м аянты толугу менен, үчүнчү турак үйдүн 98 ч/м толугу менен күйгөн, төртүнчү турак үйдүн 240 ч/м аянты толугу менен, бешинчи турак үйдүн 20 ч/м чатыры күйгөн.

Жалпы 1308 ч/м аянт күйгөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:16дан тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 12:17де чектөөгө алынып, 15:08де толук өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Теги:
8 Июль 2024 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча