Ошто өзбек жана Египеттин жараны адамдарды мыйзамсыз дарылашкан

Өзбекстандын жараны Египеттин атуулу менен бирге Кыргызстандын миграция мыйзамдарын гана бузбастан элди мыйзамсыз дарылап дагы келишкен. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Алар Ош шаарында «Ойдин» клиникасын эч бир уруксат кагаздары жок уюштурушкан. Анда ички органдардын ооруларын диагностикалоо, фитотерапия, хижама, массаж жана башка кызматтарды көрсөтүшкөн.

29 Август 2024 жыл 8:53
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча