Ош облусунда каракчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМ маалымат кызматы билдирди.
Өзбекстан Республикасынын жараны 1991-жылы туулган Н.Б. Ош облусунун ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган. Анда ушул жылдын 14-февраль түнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы үйүнөн шериги М.Д. экөөнү тааныштары алдап алып кеткен. Араван районуна алып барып, бир күн кармап жатып, күч колдонуп коркутуп, бычак сайып жиберген. Андан кийин коркутуп 5000 миң АКШ долларын котортуп алгандыгын билдирген.
Аталган арыз Ош ОИИБге катталып, тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. ИИМдин КИББдин үчүнчү башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери менен УКМК кызматкерлери биргеликте аткарылган иш аракеттердин негизинде кылмыш иши боюнча шектүү кармалган.
Ал Ош облусунун Араван айылынын 1997-жылы туулган тургуну М. уулу У. экендиги такталып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Азыркы Учурда калган кылмыштуу шериктерин кармоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.